Ички иштер министрлиги ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү лидерлерин жана мүчөлөрүн кармады.
Ведомстводон маалымдашкандай, буга чейин Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин»Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча кылмыш ишин тергеп келген.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Экстремист» аталыштагы иш-чара өткөрүлүп, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана анын Чүй ОИИББдин кызматкерлери Бишкек шаары, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймагында жашаган «Хизб ут-Тахрир Аль Ислами» ДЭУнун активдүү лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн даректеринде тинтүү иш-чараларын жүргүзүшкөн.
Натыйжада ар кандай экстремисттик мазмундагы материалдар, уюлдук телефондор, электрондук жабдыктар алынып, аталган диний экстремисттик уюмдун активдүү 4 лидери жана мүчөлөрү кармалып, камакка алынды.
Азыркы учурда алынган далил буюмдар боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, кошумча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
ИИМ диний экстремисттик агымдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча иштерди улантат.