Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаилов менен «Альянс» фракциясынан депутат Фарходбек Алимжанов жасалма диплом алууга шектелүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-апрелде кабарлады.
Маалыматты Боршайкомго Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети берген.
Ал эми депутат Фарходбек Алимжанов Ош мамлекеттик университетин “Экономика” багыты боюнча сырттан окуп бүтүргөнүн билдиргени бар.
«Өзүм боюнча айта турган болсом эч кандай маселе жок. Группалаштарым чыгып көрсөтүшү. Эми кандай болот күтөбүз. Башында 4 депутат жасалма диплом колдонууга шектелип, кийин азайганы туура эмес көрүнүш болду. Убакыт көрсөтөт. Диплому жасалма деген кептер чындыкка дал келбейт. БиМди сырттан окуп бүтүргөм жана магистр даражасына дагы ээ болгом»,-деп билдирген Алимжанов.