• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары саат 22:00дө айтылат

4 Тогуздун айы 2020 9:03 Бишкек Govori.TV

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары кечки саат 22:00дө айтылат. Бул тууралуу бгн, 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, добуш берүүгө бардык участкалар даяр.

«Парламенттик шайлоо эпидемиологиялык абалда өткөрүлүп жатат. Жарандардын ден соолугун коргоо үчүн өкмөт БШК менен биргеликте атайын алгоритм иштеп чыкты. Шайлоо участкаларында эки саат сайын дезинфекция жүргүзүлөт. Ар бир шайлоочуга бет кап берилет. Добуш берүү бүгүн саат 20:00гө чейин жүрөт», — деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, шайлоого 16 саясий партия катышууда.

https://www.facebook.com/watch/?v=968475980325578
Количество просмотров: 77