Алтынбек Сулаймановдун добуш сатуу тууралуу айтканы айла кеткенден айтылган сөз. Бул тууралуу саясатчы Өмүрбек Текебаев билдирди.
«Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов добушуңарды 1000 сомго сатпай, 20 000 сомго саткыла деген сунушун киргизди. Анын сөзүнүн мааниси баркыңарды билип, аз акчага өлкөнүн келечегин сатпагыла, көптү сурасаңар депутат болом дегендердин акчасы жетпей коррупция токтойт деген мааниде. Шайлоо убагындагы коррупция менен укук коргоо органдары, БШК, бүтүндөй коомчулук күрөшүү керек. Бирок радикалдуу жолу бар. Эгерде менин бийликте таасирим болсо, шайлоого катышууга баардык партияга мүмкүнчүлүк берип, акчаларын чачкандан соң шайлоонун мыйзамсыз өтүп калганын айтмакмын. Эки жолу чыгымга учурагандар акча чачкандан коркуп калышмак»,-деди Текебаев.