• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Добуштарды кол менен саноо: «Республика» менен «Мекенчил» партиялары «Бүтүн Кыргызстандан» озуп кетти

5 Тогуздун айы 202013:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-октябрда, шайлоонун жыйынтыгын кол менен саноо журуп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча БШК 12:00гө карата бюллетендердин 23% саналып бүткөн.

Ага ылайык биринчи орунда «Мекеним Кыргызстан» (23,29%), экинчи сапта «Биримдик» (19,27%), үчүнчүдө «Кыргызстан» (8,29%), төртүнчү орунда «Республика» (7,56%) жана бешинчи болуп «Мекенчил» (7,38%) партиялары келе жатат. Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» жана башка партиялар кол менен саноонун жыйынтыгы менен 7% босого чектен өтө элек.

https://www.facebook.com/chakievmaksat/posts/3271401506278729

Эске салсак, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өттү. Ага катышкан 16 партиянын арасынан төртөө болжолдуу түрдө жети пайыздык босогодон өттү. «Биримдик» партиясы эң көп (24,5%) добушка ээ болду. Андан кийин «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,7%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,0% алды.

Количество просмотров: 4847