• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Дональд Трамп коронавируска тест тапшырып, жыйынтыгы таза чыкты

15 Жалган куран 202014:03 Бишкек Govori.TV

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавируска тест тапшырып, жыйынтыгы таза чыкканын Ак үйдүн дарыгерлери билдиришти.

14-марттын кечинде президенттин дарыгери Шон Конли Бразилиянын расмий делегациясы менен бир апта мурда Дональд Трамп чогуу тамактанганын, ушундан улам вируска тест тапшырганын айтты.

Бразилиянын Вашингтондогу элчилиги 13-мартта Трамп менен бир үстөлдө тамак жеген элчинин убактылуу милдетин аткаруучу Нестор Фостерден коронавирус аныкталганын маалымдаган эле.

13-мартта Трамп АКШда өзгөчө кырдаал жарыялаган. Чек аралар жабылып, Европага, Кытайга каттамдар токтогон.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 14-марттагы маалыматы боюнча, дүйнөнүн 135 мамлекетинде коронавирусту жуктургандар 142 миңден ашты. Вирустан баш-аягы 5 миңден ашык киши көз жумду.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы вирус 153 миңден ашык кишиге жукканын жана 5789 адам өлгөнүн көрсөтүп жатат.

Количество просмотров: 53