• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Дональд Трамптын соту 2024-жылы 20-майда башталат

24 Теке 2023 15:55 Бишкек Govori.TV

Жашыруун документтерди сактоонун жол-жобосун бузууга айыпталган АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын иши 2024-жылы 20-майда башталат. Мындай чечимди Флорида штатындагы Форт-Пирс шаардык округунун судьясы Эйлин Кэннон чыгарды.

Трамптын адвокаттары датаны белгилөөгө каршы болуп, сот жараяны 2024-жылдын ноябрында АКШда президенттик шайлоо өткөндөн кийин башталышы керектигин айтышты.

8-июнда Трампка улуттук коопсуздукка байланыштуу маалыматтарды камтыган документтерди мыйзамсыз сактаган деген айып тагылган. Ал президенттиктен кетип жаткан мезгилде болгон. Айыптоочу тараптын билдиришинче, мурдагы президент документтерди үйүндө мыйзамсыз сактаган жана ал документтерди кайтарууга аракет кылган коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө калп айткан. Трамп күнөөсүн мойнуна алуудан баш тарткан.

Дональд Трамп порнографиялык актриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн 130 миң доллар төлөгөн деп да айыпталууда. Иштин материалдарына ылайык, окуя 2016-жылкы президенттик шайлоо алдында болгон. Бул боюнча Трамп сотко келерки жылы март айында келет.

Количество просмотров: 70