• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

«Дордой» базарында бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок

21 Теке 2023 15:38 Бишкек Govori.TV

«Дордой» соода комплексинин аймагындагы «Алкан» базарында бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Свердлов райондук милициясынын маалыматына ылайык, мындан мурда «102» кызматына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, милиция кызматкерлери базардын аймагын курчоого алышкан.

Базарга келгендер жана кызматкерлер эвакуацияланып, бомбаны ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору издешкен.

Количество просмотров: 100