• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

«Дордойдон» шуба уурдап кеткен аял кармалды

11 Бештин айы 201913:41 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги “Дордой” базарынан норка шубаны уурдап кеткен аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнан билдирди.

Буга чейин 18-ноябрда Элдик Медиага сатуучу кайрылып, анын 1200 доллар турган норка шубасын белгисиз аял уурдап кеткенин билдирген. Окуя  видеобайкоого түшүп калган.

Бул факт “уурулук” беренеси менен катталып, 84 миң сомдук шубаны уурдаган 1975-жылы туулган Э.Ф. аттуу шектүү кармалды. Ал милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүүнүн башка дагы иштерге байланышы жоктугу текшерилүүдө.

Количество просмотров: 3248