Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине кезектеги кыскача маегин куруп Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышынан улам жаралган айрым кептер тууралуу пикирин билдирип, бир катар суроолорго жооп берген.
Президент маегинде Ташиев экөө дос бойдон кала берерин, бирок ал мамлекеттик кызматка келбей турганын айтты.
«Мен табиятынан эле кандайдыр бир талаштуу маселелер жаралса, эч бир адам менен урушпай-талашпай эле сабырдуулук менен чечишип алганды жакшы көрөм. Дос бойдон кала беребиз. Бирок ал киши кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт. Дос эс алсын, ден соолугун карасын.
Тегерегидеги “ак сакал, көк сакалдардан” арылсын, тазалансын. Тергөө кызматы баарын аныктап, тазалап берет. Албетте, азыр ыракмат айтпайт. Капа болот. Бирок жылдар өткөндөн кийин “Досум сен ошондо туура кылыпсың” деп ыракматын айтат», — деди Жапаров.