Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда Бириккен Араб Эмираттарында жашаган кыргызстандыктар менен жолукту. Жолугушууда учурдагы актуалдуу маселелер көтөрүлдү.
Суроо бергендердин бири Чолпон Абдырахманова журналисттик иликтөө ашкерелеген, Райымбек Матраимовдун декларациясында көрсөтүлбөгөн Дубайдагы мүлкү боюнча кандай чара көрүлөрүнө кызыкты.
Мен да «Азаттыкты» угуп алып тапшырма берип атам. «Мына, текшергиле, «Азаттыктан» чыкты» деп, — деди Жээнбеков.
«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда 100 миллиондогон доллар чыгарылып кеткени белгилүү болгон.