Жабык жайларда, СИЗОдо абал өзгөргөн жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы улуттук борбордун кызматкерлери сегиз жолу жаза өтөө мекемелерине киргизилбей калган.
«2022-жылдын ноябрь айында Жогорку Кеңештин депутаты башында турган биздин топту Ноокен РИИБнин башчысынын орун басары убактылуу кармоочу жайга киргизбей койгон. Ал жерде 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген адам кыйноо, тагыраагы желим таяк менен зордуктоого кабылганы боюнча арызданган. Биздин кайрылуубузга райондук прокуратурадан кылмышка шектүү адам өзү жыгылып кеткен деп жооп берди», — дейт Бакыт Рысбеков.
Депутат Гуля Кожокулова ал күнү Ноокен РИИБде болгонун тастыктап, «Милиция кызматкерлери маркумдун жакындарына телефон чалып, эки тарапка чагым салууга аракет кылышкан. Бул учурда кызды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жаткан. Бул жерде бир эле милиция кызматкерлери эмес, райондук прокуратуранын кызматкерлери да жооп бериши керек», — деп билдирди.
Ал эми депутат Чыңгыз Ажибаев Ноокен районундагы милиция бөлүмүндө дубинка менен зордукталды делген эркек кишинин окуясы үрөйдү учура турган маалымат экенин айтып, «Мына азыр бул сүрөттү көрүп жүрөгүң түшөт да. Урматтуу Башкы прокурордун орун басары бул кандай болуп калат? Текшерүү жүрүүсү керек болчу да», — деп билдирди.