• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

DW форуму: “Чечимдерди издөө”. Сөз эркиндигин кантип коргойбуз?

17 Кулжа 2024 15:41 Бишкек Govori.TV

Германиянын Бонн шаарында DW глобалдык медиа форум өтүп жатат.

Геоманияда өтүп жаткан DW уюштурган Глобалдык медиа форумуна катышкан миңдеген журналистердин арасында кыргызстандыктар бар.

Кыргызстандагы Германиянын элчилигинин сунушу менен Германиянын тышкы иштер министирлиги GovoriTV маалымат агенттигинин жетекчиси Кайыргүл Урумканованы, Capital KG медиа компаниясынан Назгуль Конурбаеваны, журналист Максим Полетаевди медиа форумга чакыруу берген.

Бонн шаарына дүйнө жүзүнөн келген журналисттер 3 күндүн ичинде маалымат айдынында иштөө үчүн керектүү маалыматтарды алышат.

Форумдун аталышы “Чечимдерди издөө” болгондуктан журналисттер жалган маалыматтарга, фейкньюс жана пропагандага каршы чечимдерди издейт.

Форумду ар улуттан түзүлгөн оркестр ачты. Жандуу ырлар менен Курман айт майрамы менен форумга келген мусулмандарды куттукташты.

Андан соң DW уюмунун башкы мүдүрү Питер Лимбург сөз сүйлөп, Орусия-Украина, Палестина-Израил маселенин козгоп, журналистер кандай иш алып барбасын, конструктивдүү, эки тараптуу, жоопкерчиликтүү маалыматтарды берүүгө үндөдү.

Количество просмотров: 86