• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Дыйканбаев Жээнбеков катышкан форумда бир да жетекчи уктабаганын айтты

25 Чын куран 201911:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.04.2019.Govori.TV.

Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев 22-апрелде Ошто өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков катышкан форумда бир да жетекчи уктабаганын айтты. Ал форумда президент катышкан учурда тартылган видеону карап чыгышканын билдирди.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович катышкан убактагы видеону карап чыктык. Анда бир да жетекчи уктаган эмес экен. Бул туура эмес маалымат болуп жатат. Сооронбай Шарипович саат 10дон 12ге чейин болду. Форум түштөн кийин үч-төрт саатка уланган. Ошол убакта уктаган болсо аткаруу бийлиги чара колдонот болуш керек», — деди Дыйканбаев.

22-апрелде Ош шаарында «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» деген темада форум болгон.

Кийин «президент катышкан жыйында чиновниктер уктап жатат» деп, социалдык тармакка облус жетекчилери, мамлекеттик кызматкерлердин бир катар сүрөттөрү Интернетке жарыяланган. 


Количество просмотров: 28