• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Дыйкандар сууну колдонуунун жаңы ыкмаларын үйрөнүүдө

20 Бирдин айы 2019 11:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.02.2019.Govori.TV.

«Жазгы талаа иштери башталууда. Кыргыз мамлекетинде ирригация маселеси орчундуу болуп жатат». Мындай пикирин бүгүн, 20-февралда парламенттин жалпы жыйынында депутат Айнура Осмонова билдирди.

Ал дыйкандарга сууну колдонуунун жаңы ыкмалары үйрөтүлүп жатабы деген суроо узатты.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев Кыргыз мамлекети суунун башында турса дагы сууну үнөмдөө жолу каралып жатканын айтты.

«Биз суунун башында турсак дагы сууну үнөмдөп жатабыз. Ошол себептен тамчылатып сугарууну киргизүүдөбүз. Бул жаңы инновация болуп эсептелет. Ошондой эле Германиянын жаадырып сугаруу ыкмасы колдонуп жатабыз. Бирок дыйкандардын басымдуу бөлүгү жайып сугаруу менен колдонгонго көнүп калышыптыр. Аларды акырындык менен тамчылатып сугарууга үйрөтүүдөбүз», — деди Керималиев.

Мындан тышкары Осмонова Кыргыз мамлекетинин жашоочуларынын 65-70 пайызы айыл-аймактарда жашай турганын айтып, аларга суу маселесин убагында чечип берүүнү колго алуу керектигин айыл чарба министрлигине эскертти.

Количество просмотров: 27