• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Джоннинин «Күттүм ай» ыры орус тилине которулду

18 Жалган куран 2019 12:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.03.2019. Govori.TV

Джонни деген аты менен элге таанымал болгон ырчы Жаныбек Жеңишбековдун «Күттүм ай» деп аталган чыгармасы эми орус тилине которулду.

Ыр кыргыз элине жана боордош казак элине кыска убакыттын ичинде тарап жаш муундун талабына жооп берген хит чыгармага айланган эле.

Чыгарма жаралгандан кийин бир аз убакыт өткөндөн кийин ырды айтылуу казык ырчысы Кайрат Нуртас да казак тилине которуп ырдап чыккан.

Эми минтип чыгарманы орус тилине Тогжан Муратова аттуу казак кызы которуп ырдап чыкты. Ал видеону ютуб баракчасына жүктөп:

«Достор, силер менен өзүмдүн дагы бир эмгегим менен бөлүшкүм келип турат. Бул баарына жаккан «Күттiм ай» чыгармасынын котормосу «Мен күттүм». Ырдын автору кыргызстандык ырчы Жонни. Кийинчерээк Кайрат Нуртас казакча ырдап чыкты, анан мен орусча текст жаздым. Чыгарма орус тилинде да көптөгөн угармандарын табат деп ишенем. Бири-бириңерди сүйгүлө жана албетте күткүлө», -деген маанидеги баяндама жазып калтырган.

Ыр 10 күндүн ичинде 100 миңден ашуун  көрүүчү көрүп, 5 миң жактыруу белгисине татыган.

Ал эми талкууга алгандардын 70-80 пайызы «Кыргызстандын ырчылары мыкты» деген өңүттөгү пикирлерин жазып калтырышууда.

Булак: «Барометр»

Количество просмотров: 35