• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Джумабаев: Адам сатуу боюнча он факты катталса, сегизи ымыркайларга байланыштуу

20 Аяк оона 2019 13:09 Бишкек Govori.TV

Криминалдык милициянын жетекчиси Марлис Джумабаевдин айтымында ушуга чейин катталган адам сатуу боюнча 10 кылмыш иши болсо, анын ичинен сегизөө бала сатуу фактысы болуп эсептелинет. Бул тууралуу ал адам сатууга каршы жана аны алдын алууга арналган тегерек столдо билдирди.

«Азыпрык күндө адам сатуу боюнча 10 факты катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүүдө. Бул жерде белгилей кетүүчү нерсе аларды 8 фактысы бала сатуу боюнча. Кыргызстанда бул факты көп жайылган. Мындайларды алдын алуу боюнча бир катар иштер жүрүүдө», — деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-сентябрда адам сатууга каршы жана аны алдын алууга арналган тегерек стол болду. Тегерек стол адам сатууга каршы Глобалдык акциянын алкагында өттү. 

Тегерек столдун максаты болуп мигранттарды мыйзамсыз түрдө өлкөдөн чыгарууну анализдөө, укутук баа берүү болуп саналат.

Количество просмотров: 201