• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Джумалиева: Жаңы муунду тарбиялоодо ролубуз чоң

8 Тогуздун айы 2021 15:56 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Асел Джумалиева.

Аламүдүн районунан келген 43 жаштагы Асель айым жаңы муунду тарбиялоодо ролубуз чоң экенин белгилейт.

«Бүбүсара Бейшеналиева университетин аяктагагам. Жергиликтүү кеңештин эки жолку депутаты болуп шайландым. Мага бул тренингден жакканы медиа субаттуулукка үйрөтүүсү болду. Себеби менде кандайдыр бир деңгээлде жабыктык бар. Мен эл менен иштешсем деле баары бир ички тартынчаактык байкалат. Мындан улам медиа сабаттуулукту, эл алдында сүйлөгөндү үйрөнгүм келет», — дейт ал.

Количество просмотров: 182