“GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Жаркын Джусупова.
Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынан келген 39 жаштагы Жаркын жергиликтүү кеңештин депутаты, 4 баланын энеси.
«Кесибим боюнча бухгалтермин, бирок бул кесип менен иштебейм. Мен айылдык кеңешке депутат болуп шайланганы өзүмдүн алдыга койгон, чечүүнү талап кылган көп көйгөйлөр бар. Алардын бири таза суу маселеси. Бул биздин гана айылда эмес бүткүл өлкөнүн көйгөйү десек болот. Ал эми бул долбоорго кыйын айымдардан тажырыйба алуу үчүн келдим», — деди ал.