• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Эгизбаевдин сөөгү соттук-медициналык экспертизага жиберилди

23 Теке 20189:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.07.2018.Govori.TV
“Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаевдин сөөгү соттук-медициналык экспертизага жиберилди. Маркумдун сөөгү 23-июлга караган түнү Чолпон-Атадан Бишкекке жеткирилген. Экспертиза бүгүн жүргүзүлө баштайт.
Белгилей кетсек, курч иликтөөлөрү менен элге кеңири таанылган Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлгө эс алууга барган жеринен сууга чөгүп каза болду.
Бүгүн саат 11:00дө Фурманов көчөсү, 12 дарегинде жайгашкан «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинде Уланбек Эгизбаевди эскерүү жыйыны өтөт.
Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. «Азаттык» радиосунда 2013-жылдан тарта иштей баштаган.
Количество просмотров: 12