• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Экс-мэр Кубанычбек Кулматов үй камагына чыгышы мүмкүн

18 Кулжа 2018 9:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.06.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 18-июнда саат 9:30да Бишкек шаардык сотунда Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев билдирди.
Ал Биринчи Май райондук сотунун чечимине каршы экенин айтып, 7-июнда шаардык сотко даттанган. Сергей Слесаревдүн айтымында, Кулматовду камакка алуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечими туура эмес болгон. Ошондуктан шаардык сотко экс-мэрди үй камагына чыгаруу өтүнүчү жиберилди.
Такталбаган маалыматтарга ылайык, Кулматов бүгүн үй камагына чыгарылышы мүмкүн, анткени Орусия жактан тиешелүү өтүнүч түшкөн. Кулматовдун атасы Орусиянын президентти Владимир Путин менен жылуу мамиледе турган деген маалыматтар бар.
5-июнда Кулматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылып, андан соң 28-июнга чейин камакка алынган эле.
Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылган. Алгач ага эч жакка кетпөө тууралуу тилкат алуу түрүндө бөгөт чарасы каралган.
Эскерте кетсек, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
Количество просмотров: 23