Бишкек. 20.02.2018. Govori.TV.
Экс-президент Роза Отунбаева абактагы саясатчы Бектур Асанов менен жолугуп, ал-абалын сурап чыкты.
Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Асанов цинга илдетине чалдыкканын жазып чыгышкан. Жаза аткаруу кызматы бул маалыматты четке кагууда.
Камакта ачкачылык жарыялаган үч саясатчы суу иче баштаганы да бүгүн кабарланды.