• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Эл өкүлдөрү Бишкек –Ош жолунун абалына нааразы

4 Үчтүн айы 2018 10:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.01.18. Govori.TV

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов Бишкек –Ош жолунун учурдагы абалына нааразы. Бул тууралуу ал парламенттин жыйында билдирди.

«Жыл сайын кыш башталганы Бишкек-Ош жолунунун абалы начарлайт. Өкмөттун кышка даярдыгы начар. Анын кесепетинен унаалар 3 күн бою жолдо турушту. Өзгөчө Ала –Белдеги жолдордун абалы», — деди депутат.

Депутат Үмбөтаалы Кыдыралиев коңшу Казакстан эгемендикке ээ болгон жылдардан бери темир жолдор, заманбап унаа жолдору курулгандыгын, Өзбекстан ички аба каттамдарын өнүктүрүп, бул жаатта бир гана Кыргызстан артта калгандыгын айтып чыкты.

«Ал эми Кыргызстанда бир чон ири магистраль болсо, анын да абалы начар», — деген пикирин айтты.

 

Количество просмотров: 8