Кыргызстандын КВН боюнча «Азия MIX» курама командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров КВН жылдыздары менен бир командада «Что? Где? Когда?» оюнуна катышып жеңүүчү болду.
Эльдияр Кенесаровдун командасында Сергей Кашников (Таганрог), Алексей Кривеня (Армавир), Михаил Галустян (Москва), Вадим Галыгин (Борисов), Гарик Мартиросян (Ереван) ойноду.
Билермандар телекөрүүчүлөрду 6:4 эсебинде жеңип алды. Колдоочулардын арасында КВН клубунун президентти Александр Масляков дагы болду.