• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Элеттен кеп. Баткендик тарыхчы кыргыз тарыхы жок экенин айтты (видео)

29 Кулжа 2018 14:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.06.2018.Govori.TV.

Кыргыздын тарыхы жок. Бул туурасында тарыхчы Гыламидин Абдрахманов Govori.TV сайтынынын «Элеттен кеп» рубрикасына билдирди.

«Тарыхы жок эл болбойт, бирок биздин тарых азыркы убакытка чейин жазыла элек. Азыркы күндө биз билген кыргыз тарыхчыларынын ичинде Манасты сайган Коңурбайдын тарыхы бар. Кыргыздарды төгөрөктүн төрт бурчуна Анжиян деген борборунан айдаган Алоокенин түп тамыры жылдарына чейинки тарыхы кыргыз тарыхында жазылган бирок, Манастын өзүнүн тарыхы жок. Биз алгач Манастын  тарыхын, кыргыздын тарыхын таап даярдай албасак анда биз эч нерсени жарата албайбыз» -дейт Абдрахманов.

Биздин окумуштуулар бир нерсени изилдебей эле баягы эле окумуштуулардын фактыларын алып бир нерсени кошуп жактап келе жатышат. Бөлмөсүндө отуруп жазып жатабыз дейт,  эмнени жазып жатканы белгисиз. Тарых деп бир күн болбосо бир күн уят боло турган тарыхты жазып жатасыңар. Тарых ар дайым эл менен байланышта болуш керек. Кыргыздын тарыхын изилдеш үчүн алгач кырк уруунун тарыхын изилдеп чыгышыбыз керек  деп кошумчалады.

 

Количество просмотров: 74