Бишкек 25.04.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештеги “Республика — Ата Журт” фракциясы коалициялык көпчүлүккө “көчүп” кеткендигине байланыштуу ЖКда комитеттин төрагалары алмашты. Бүгүн, палатада мурда депутат Таабалды Тиллаев жетектеп келген бюджет жана каржы комитетке “Атамекен” фракциясынан Эмил Токтошев төрага болуп шайланды.
Аны менен “Өнүгүү” фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов ат салышып, бирок, жетиштүү добуш алган жок. Атамекенчи депутатка 66 депутат добуш берген.