• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эмилбек Каптагаев: «Текебаевди тарых өзү актады»(видео)

27 Бирдин айы 2018 11:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.02.2018. Govori.TV.

«Текебаев акталды. Анткени  Текебаев чынында эле мародер болсо, ошол күнөөлөрдү мойнуна коюп, соттомок. Мында жок жерден жалган жалаа менен соттолуп жатканы Текебаевдин ак экендигин, коомго карата кыянаттык иштерге, мародерлукка жана уруулукка барбагандыгын так далилдеп койду. Бирок, бүгүнкү коомдун өткөөл мезгилинде  Текебаевдей мыйзамды, коомдук түзүлүштү, келечекти көрө билген белгилүү саясатчы коомдон бөлүнүп жаткандыгы абдан өкүнүчтүү»-дейт саясатчы Эмилбек Каптагаев.
Белгилей кетсек, 21-ноябрда Жогорку Сот «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Эки саясатчы «орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган» деген айып менен былтыр февраль айында камакка алынган. Бирок, соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап келишет.
Количество просмотров: 14