• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Эсеп палатасынын башчысы  Улукбек Мариповдун жоопкерчилиги каралат

8 Бугу 2018 8:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08. 05. 2018. Govori.TV

«Бишкек ТЭЦи боюнча жоопкерчилик тартчулардын катарына КРнын Эсеп палатасынын башчысы Улукбек Марипов да кошулду». Бул тууралуу ТЭЦтеги авария менен модернизациянын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусунда жазылганын өздүк булактар кабарлады.

Анда белгилүү болгондой, ТВЕА менен болгон келишим, модернизацияга кеткен каражаттар боюнча Эсеп палатасы аудит жүргүзүп, жыйынтыгында бир топ каржылык мыйзам бузууларды тапкан. Бирок, бул боюнча эч бир укук коргоочу органдарга кайрылбай, органдын башкы кеңешинде карап туруп, жаап коюшкан.

“Ошондуктан, депутаттык комиссиянын көпчүлүгү бул боюнча Улукбек Мариповду ТЭЦтин модернизациясы боюнча каржылык мыйзам бузууларга өз убагында чара көрбөгөнү үчүн жоопкерчилик тартышы керек деп эсептешүүдө”,-деп билдирет биздин булак.

Эске сала кетсек, буга чейин Эсеп палатасы ТЭЦтин модернизациясы боюнча маселени кароого келишим жол бербегенин айтып келе жаткан.

 

 

Количество просмотров: 17