• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

ЕАЭБ саммитинде кандай документтерге кол коюлду (Тизме)

20 Баш оона 2021 12:09 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 19-20-августта өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Жыйындын катышучулары тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлду:

— «Товарларды ташып чыгууда белгиленген бир тараптуу тарифтик эмес чараларды, ошондой эле ташып чыгуучу бажы алымдарын жакындаштыруу жөнүндө» маселеси алкагындагы тапшырма; 

— «Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өз-ара жана тышкы соодасын камсыздандырууну колдоого алуу чаралары жөнүндө» буйрук; 

— «Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2021-жылдын 8-июнундагы № 63 Чечиминин күчүнө кирүүсү жөнүндө» чечим; 

— «Шайкештикти баалоо жаатында аккредитациялоо боюнча Евразиялык (аймактык) уюмду түзүү жөнүндө» тапшырма; 

— «Евразиялык экономикалык биримдигинин жана үчүнчү өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрү үчүн Казакстан Республикасында айыл чарба техникасын жана жабдууларын сатып алуу программасына катышуу үчүн бирдей шарттарды камсыздоо жөнүндө» буйрук; 

— «Климаттык күн тартибинин алкагында Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин көз караштарын жакындаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жогорку деңгээлдеги жумушчу топту түзүү жөнүндө» буйрук; 

— «Автоматташтырылган чектеш соода-эсептик интеграциялашкан тутуму (АТТИС) долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» тапшырма; 

— «Евразиялык экономикалык биримдиктин ички рыногундагы 2021 – 2022-жылдарга алып салуулар жана чектөөлөр тизими тууралуу» буйрук; 

— «Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын эсепке киргизүү жана бөлүштүрүү жөнүндө» буйрук; 

— «2020-жылы Евразиялык экономикалык комиссиянын чечим долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоону жүргүзүү мониторниги жөнүндө Евразия экономикалык комиссиянын ар жылкы отчету тууралуу» буйрук; 

— «Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги №2 Чечиминин 3-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» чечим; 

— «Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин 2021 – 2023-жылдарга координацияланган (макулдашылган) Транспорттук саясатын ишке ашыруунун негизги багыттары жана баскычтарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы («жол картасы») жөнүндө» буйрук; 

— «Евразиялык экономикалык биримдик алкагында органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы рыногун түзүү боюнча  иш-чаралар планы («жол картасы») жөнүндө» буйрук; 

— «Евразиялык экономикалык биримдиги жана ага мүчө мамлекеттер бир тараптан жана Кытай Эл Республикасы экинчи тараптпн соода-экономикалык өз-ара кызматташтыкты өнүктүрүү кызыкчылыганда темир жол жүк ташууларын санариптештирүү боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планы жөнүндө» буйрук;

— «Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагындагы эл аралык келишимдерди, үчүнчү мамлекеттер, алардын интеграциялык бирикмелери жана эл аралык уюмдар менен түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигинин эл аралык келишимдерин, Евразия экономикалык биримдигинин органдарынын чечимдерин Расмий жарыялоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечим.

Количество просмотров: 227