• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 4 кг. 567 гр. ак металдан жасалган зер буюмдар табылган

31 Теке 201917:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.07.2019. Govori.TV

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, 2019-жылдын 26-июль күнү болжол менен саат 11:50 чамасында “Манас” эл аралык аэропортунда “Манас” бажысынын кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте Стамбул-Бишкек катамы менен учуп келген 1989-жылы туулган Республика Казахстандын жараны Б.Снын жүгүнө текшерүү жүргүзүшкөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 4 кг. 567 гр. ак металдан жасалган зер буюмдар табылган. тул туурасында бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул фаты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштылуугу боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 18