• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ЕБ аймагынан Кыргызстанга 10 атайын техника мыйзамсыз алынып келген

2 Бирдин айы 2023 13:21 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бажылык укук бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Европа биримдигинин аймагынан Кыргызстандын аймагына “Б.В.Р.” ЖЧКнын дарегине Volvo үлгүсүндөгү 10 бирдик атайын техника алынып келген.

Жүк коштоочу документтерин текшерүүдө аталган компания тарабынан ТЭИ ТН боюнча товардык коду жөнүндө жалган маалымат берилгендиги аныкталган. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 8 млн 813 миң 429 сомду түздү.

Аталган факт боюнча материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берилген.

Количество просмотров: 52