• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ЕБ Өкүлчүлүгү “Азаттык” боюнча соттун чечимине тынчсыздануусун билдирди

3 Бугу 2023 11:45 Бишкек Govori.TV

Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү биринчи инстанциядагы Бишкек райондук сотунун “Азаттык” радиосунун лицензиясын жокко чыгаруу чечимин тынчсыздануу менен кабыл алат жана жогорку инстанциядагы соттун апелляциялык кароосун адилеттүү кароого чакырат.

Өкүлчүлүк эркин, көз карандысыз жана плюралисттик массалык маалымат каражаттарын сактоо туруктуу жана гүлдөп өнүккөн демократия үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгилейт.

Эске салсак, 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медианын» үстүнөн жазган доо арызында эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген. Министрлик январь айында сотко кайрылып, “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын жүйө катары келтирген.

Количество просмотров: 45