• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ЕБ: Кыргызстанда иштеп жаткан көп жылдык программа үч секторго багытталган

5 Бештин айы 2019 17:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2014-жылдан 2020жылга чейин иштей турган көп жылдык индикативдик программа үч секторго багытталган. Ал билим берүү, айыл аймактарын өнүктүрүү жана укук үстөмдүгү. Бул тууралуу Европа Союзунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн кызматташуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Шарлотт Адриэн маалымат жыйын учурунда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Европалык тарап ЕСтин КР менен кызматташтыгынын кошумча багыттарын карап көрүүгө даяр. Мындан сырткары, ал 2019-жылы ЕБ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын жыйынтыгы жана 2020-жылга карата пландары жөнүндө маалымат берди.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан Европа Биримдиги менен 1991-жылы эгемендикке ээ болгондон баштап өнөктөш болуп келет.

Количество просмотров: 34