• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЕБ Орусияга каршы санкцияларды бузган өлкөлөргө көбүрөөк көңүл бура баштайт

13 Чын куран 2023 9:46 Бишкек Govori.TV

Европа Биримдиги (ЕБ) Пасха майрамына карата жарыяланган эс алуу күндөрүнөн кийин дароо Москвага каршы санкциялардын 11чи пакетин киргизүү ишин баштоону пландап жатат.

Бирок бул жолкусунда Брюссель Орусиянын өзүнө эмес, ага чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө жардам берип жаткан өлкөлөргө көбүрөөк көңүл бурат.

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин айтымында, Батыш өлкөлөрү мындай жол менен Орусияны бардык ресурстарга жетүү мүмкүндүгүнөн ажыратууну каалап жатат. «Биз 10чу пакетке Орусияга жардам берип жаткан жеке тараптарды, компанияларды, юридикалык жактарды, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдү да санкциялык тизмеге киргизүү мүмкүндүгүн кошконбуз. Бул албетте жетишсиз, ошондуктан санкциялардын 11чи пакети негизинен чектөөлөрдү кыйгап өтүү маселелерине байланыштуу болот», – деди Еврокомиссиянын башчысы.

Буга чейин киргизилген санкциялардын 10 топтомунда Орусияга авиациялык кыймылдаткычтарды, жүк ташуучу автоунааларга тетиктерди, курулуш тармагында колдонулуучу жабдууларды, анын ичинде оор техникаларды экспорттоого тыюу салынган. Мындан тышкары кош максаттарга пайдаланыла турган товарлар менен технологияларга да чектөөлөр киргизилген. Бул алардын аскердик максаттарда да колдонулушу мүмкүн экендигине байланыштуу.

Бүгүнкү күндө Орусияга паралеллдүү импорттун негизги булактары катары Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Кытай, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан эсептелинет. 9-мартта Түркия санкциялык тизмедеги товарларды ЕБ өлкөлөрүнөн Орусияга өткөрүүнү токтоткон.

Количество просмотров: 77