• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Эдельвейс» куткаруу кошуну «комсомолец-пионер» чокусуна жүрүш жасашты

18 Баш оона 202411:05 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун “Эдельвейс” тоо куткаруу кошууну Ала-Арча жаратылыш паркындагы «Комсомолец-Пионер” чокусуна жүрүш жасашты жана тоо даярдыгы боюнча тажрыйбалык сабактарды өздөштүрүштү.

Куткаруучулар бийиктикте өзүн алып жүрүү, асканын бетине, муз баскан чокуларга чыгуу, аска тоодо жабыркаган адамдарга куткаруу иштерине даярдык көрүштү.

Бийик чокуларга чыгуунун негизги максаты “Эдельвейс” тоодо куткаруу кошуундун куткаруучуларын альпинизмге кызыктыруу, I даражадагы спорттук дээңгелге чыгаруу болуп саналат.

Теги:
Количество просмотров: 83