Бишкек.07.08.2019.Govori.TV.
Кыргызстандын Улуу Британия Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландиядагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсалов кызматын аткарууга расмий киришти.Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин маалыматтык департаменти кабарлады.
Элчи Эдил Байсалов Улуу Британиядагы өз миссиясынын жүрүшүндө кыргыз-британ мамилесин мындан ары бекемдөөгө бардык аракетин жумшаарын айтып, Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин протокол департаментинин директорунун орун басары Эбигейл Бойлга ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.