• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Эдил Байсалов Жапаров менен Ташиевдин ортосундагы ажырымдын себебин айтты

11 Бирдин айы 202613:31 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасыан билдирүү жазып, акыркы окуялар боюнча пикирин билдирди.

Ал өз кайрылуусунда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымдын себебин түшүндүргөн.

Анын айтымында, акыркы беш жылдын ичинде президент Садыр Нургожоевич Жапаров мамлекеттик башкаруу системасын өзүнүн эң жакын тарапташы Камчыбек Ташиев менен тыгыз кызматташып куруп келгени эч кимге жашыруун эмес.

«Генерал Ташиев президентти колдой турганын бир нече жолу жана ачык айтканын баарыбыз билебиз. Ал мамлекет башчысынын саясатын жана кийинки шайлоого талапкерлигин ачык колдой турганын билдирип, азыркы президенттин өзү баштаган реформаларды улантууга конституциялык укугу бар экенин баса белгилеген.

Бирок, акыркы учурларды айрым жоопкерчиликсиз элементтер, улгайган «атылган учкучтар» жана «саясий банкроттор», элдик генералдын атын жамынып, өздөрүн тарыхтын жаратуучулары катары элестетишти. Алар өздөрүнүн жеке максаттарын көздөп, анын атынан сүйлөй башташты. Дал ошолор көп жылдар бою туруктуулукту камсыз кылып келген тең салмактуулукту бузуп башташты. Натыйжада, коомдо эки анжы ойлор пайда болду. Коомдо кош бийликтин бар экендиги, эрте шайлоолордун зарылдыгы жана азыркы өкмөттүн мыйзамсыздыгы тууралуу сүйлөшүүлөр жүрө баштады. Дал ушул провокаторлор жана алардын жабылбаган амбициялары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымды жаратып, ал коомду жана мамлекетти бөлүп-жаруу коркунучун жаратты.
Бул мамлекет үчүн жол берилгис. Бийлик так, конституциялык жактан аныкталган жана бирдиктүү жоопкерчилик борборуна топтолушу керек», — деп жазат Байсалов.

Байсалов акыркы жылдары мамлекеттик башкарууда тең салмактуулук жоголуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин айрым кызматкерлери өлкөдө тартип орнотуу шылтоосу менен ыйгарым укуктарынан аша чаап, коомчулукта коркуу сезимин жаратып койгонун кошумчалады. Бул жарандык коомдун, бизнес өкүлдөрүнүн жана жаштардын сынына кабылганын айтты.

Эскес салсак, 10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту.

Бүгүн Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев билдирүү таратып аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими күтүүсүз болгонун айткан.

Количество просмотров: 1667