Бишкек. 25.07.2019. Govori.TV
Путиндин Кыргызстанда саясий туруктуулук керек жана анын эли учурдагы президенттин айланасында биригиши керек деген сөздөрү өлкөнүн мурдагы президенти менен болгон жолугушуусунан кийинки негизги ою. Мындай пикирин эл аралык иштер жана коопсуздук боюнча кыргыз кеңеши башкармалыгынын төрагасы Эдил Осмонбетов билдирди.
“Башкы сөздөр булар – “стратегиялык өнөктөштүк”, “союздаштар”, “Кыргызстандагы саясий туруктуулук”, жана “өлкө учурдагы өлкө башчысынын айланасына биригүүсү керек”. Бул эң башкысы”, — дейт саясатчы.
Анын айтуусунда, стратегиялык өнөктөштөр жана ири аймактык державалар Кыргызстанда саясий туруктуулук болушуна кызыкдар.
“Татаал геосаясий жагдай – бул байлык. Ошондуктан менимче Путиндин сөздөрүн Россия Кыргызстандын учурдагы бийлигин жана өлкөнүн учурдагы президентин колдоп жатат деп түшүнөм”, — деп билдирди эл аралык иштер боюнча эксперт.