• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Эгемберди Бекболиев Кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси болду

27 Кулжа 20249:11 Бишкек Govori.TV

 Бекболиев Эгемберди Жайлобекович Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси кызмат ордуна эмгек келишимдин негизинде дайындалды.

Бекболиевди дайындоо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык жүргүзүлдү.

Эгемберди Бекболиевди театрдын жамаатына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев тааныштырып, чыгармачык бийик дараметти жана калыстыкты талап кылган бул кызматтагы ишине ийгилик каалады.

Эгемберди Бекболиев 1955-жылы 20-майда, Чүй облусунун, Панфилов районуна караштуу Букара айылында туулган.

1989-1994-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институту – театр жана кино артисти адистигин бүтүргөн.

1976-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин – Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында артист, сахнанын жетектөөчү мастери болуп эмгектенген.

Эгемберди Бекболиев Кыргыз Республикасынын эл артисти.

Количество просмотров: 239