Бишкек.30.08.2019.Govori.TV.
Эртең, 31-август Эгемендүүлүк күнүндө Бишкекте бир катар көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтен белгилешкендей, эртең мененки саат 08:00дөн 12:00гө чейин жана кечки саат 19:00дөн 23:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:
— Чүй проспекти – Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;
— Киев көчөсү – Эркиндик бульварынан Логвиненкого чейинки бөлүгү;
— Фрунзе көчөсү – Панфилов көчөсүнөн Раззаковго чейинки бөлүгү;
— Абдымомунов көчөсү – Панфилов көчөсүнөн Раззаковго чейинки бөлүгү.
“Майрамдык иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту карашат”, — деп айтылат маалыматта.