• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эгиз кыздарын сабаган келин энелик укуктан ажыратылды

13 Бирдин айы 2024 14:03 Бишкек Govori.TV

Эгиз кыздарын сабаган 21 жаштагы келин энелик укугунан ажыратылды. Маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечимди Араван райондук соту 7-февралда чыгарган. Аял шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Ал эми эгиз кыздар атасында калган.

Буга чейин Араван райондук ички иштер бөлүмү тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүгүзүү учурунда “Ватсап” группалардан аял кишинин 2 жаш баланы уруп жаткан видео тасма тарап жаткандыгы тууралуу маалымат, 2023-жылдын 6-ноябрь күнү маалымат электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жаш балдарды уруп жаткан аял Араван районунун С.Юсупова айыл аймагынын 21 жаштагы Д.С. аттуу тургуну экендиги аныкталып, тергөө кызматына камсыз болгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Д.С. видеотасмада уруп жаткан жаш балдар өзүнүн 2 жаштагы эгиз кыздары экендигин, алар заара ушатып койгондугу үчүн ушундай кадамдарга баргандыгын билдирген.

Топтолгон материалдардын негизинде Д.С.нын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары камакка алынган.

Теги:
Количество просмотров: 71