• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Эгизбаевдин апасы: «Уландан кутулдук, Уланды жок кылдык»,- деген жемкорлор жаңылышат

12 Бирдин айы 2019 11:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.02.2019. Govori.TV.

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталып, Журналисттик иликтөөлөр фонду 12-февралда татыктууларга байге тапшырды. Салтанат Бишкек гуманитардык университетинде өттү.

Салтанатта Эгизбаевдин апасы сөз сүйлөп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, жеңүүчүлөрдү сыйлыктары менен куттуктап, «»Уландан кутулдук, Уланды жок кылдык»,- деген жемкорлор, коррупционерлер жаңылышат»,-деген оюн айтты.

Комиссиянын тыянагы менен ар түрдүү медиада иштеген төмөндөгү журналисттер сыйланышты: Карачач Шакирова жакшы материал үчүн сыйлыкка татыктуу деп табылды, «Умтулуу» сыйлыгы Эрик Исраилов менен Адил Турдукуловго, «Үмүт» сыйлыгы Марина Сколышевага берилди. Баш сыйлыкка «Азаттык» радиосунун Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаков татыктуу деп табылды.

Количество просмотров: 7