Өкмөттүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы Егор Скобеев ооруканадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которулду.
Скобеев Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козгогон кылмыш иштин алкагында «коррупцияга» шек саналып, 21-сентябрда кармалган. Иштин чоо-жайы боюнча расмий органдар кенен маалымат бере элек.
Ал Биринчи май райондук соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилген болчу. Бирок ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылган.
Өкмөттүн сайтындагы маалымат боюнча, Егор Скобеев эмгек жолун 1995-жылы ички иштер органдарында баштаган. 2016-2018-жылдары Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитетинде консультант болуп иштеген.