• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Экөөлөп 60-жаштагы күзөтчүнү катуу сабап жаткандардын видеосу тарады

31 Тогуздун айы 201911:50 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 60-жаштагы күзөтчүнү катуу сабап жаткандардын видеосу социалдык тармакка тарады.

https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/2777669488962155/

Эске салсак, окуя түштүк магистраль тарапта жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда болгон. Күзөтчү кайтарып жаткан аймакта болуп, ал токтоп турган унаалардын арасындагы жигиттерге кылган эскертүүсү себеп болгон.

Күзөтчүнүн инисинин айтымында, шектүүлөр унаалар турган жерде заара кылып жатышканын байкап калып, кайтаруудагы жер экенин айтып эскертүү берген.

Бул боюнча жабырлануучунун иниси милицияга кайрылган, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 951