Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Россиянын Екатеринбург шаарында кыргызстандык жарандар катышкан массалык мушташ боюнча маалымат таратты.
ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, 19-июль күнү Екатеринбург шаарынын райондорунун биринде кыргыз жана тажик улутундагы жаштардын катышуусунда мушташ болгон. Бул чыр-чатакка кыргыз улутундагы кызга тажик улутундагы адамдар тийишкени себеп болгон.
«Ар бир тараптан 10-15ге жакын адам чогулган. Алардын көбү Россия Федерациясынын жарандары. Кыргыз улутундагы улуу адамдар мушташтын күчөп кетишин алдын алышкан. Ошондой эле кыргыздардын жана тажиктердин коомдук диаспоралык уюмдарынын мүчөлөрү менен активисттер дагы тартылган. Мушташтын кесепетинен айрымдар денесинен ар кандай жаракат алган. Россиянын ИИМнин аймактык бөлүктөрү тарабынан бул факт расмий катталды.
Андан сырткары ошол эле күнү WhatsApp мессенжеринде кыргыз жаштары тарабынан тажиктер кыргыз баланы өлтүрүп салды деген жалган маалыматтар тарай баштаган. Маалыматта 20-июль күнү Екатеринбург шаарында чогулуп, тажиктерден өч алууга чакырык ташталган. Массалык кагылышууну болтурбоо менен кырдаалды жөнгө салуу үчүн кыргыздардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү тарабынан кыргыздар менен тажиктердин коомдук уюмдарынын мүчөлөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Учурда ИИМдин Екатеринбург шаары боюнча башкармалыгынын полициясынын 11-бөлүмү тарабынан катталган материал боюнча алдын ала текшерүү иштери жүрүп жатат, анын жйынтыгы менен тиешелүү чаралар кабыл алынат.
«Ошол эле күнү WhatsApp мессенжери аркылуу мекендештерин чыр-чатакты күч менен чечүүгө чакырып, анын жыйынтыгы менен 30-40 кыргызстандык адам, андан эки эсе көп тажикстандыктар топтолгон видео тараган. Бул окуя күбөлөр жана мушташка катышкандар тарабынан видеого тартылып алынып, ал Россиядагы жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тарап, эки кыргызстандык жабыр тартканы жана алардын абалы канааттандырарлык экендиги айтылган. Ошондой эле кайра чыр-чатактан эки кыргыз өлтүрүлгөнү жана кайра күч колдонуу менен жооп берүү үчүн 22-июлда чогулууга чакырык ташталган видео тараган. Екатеринбург шаарынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан окуя алдын алынып, бардыгы кармалды», — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда топтолгон материалдар боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.