• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эки адам каза болгон. Жети-Өгүздөгү жол кырсыгынын чоо-жайы айтылды

22 Жалган куран 2023 9:27 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Жети-Өгүз районунда адам өмүрүн алган жол кырсыгынын чоо-жайын билдирди. Жол кырсыгы 21-мартка караган түнү Кичи-Жаргылчак айылында Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 152-чакырымында болгон.

Маалыматта айтылгандай, Жети-Өгүз РИИБне телефон аркылуу Жети-Өгүз районунун ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн билдирүү түшүп, анда Кичи-Жаргылчак айылынын күн чыгыш тарабындагы аялдаманын жанынан “Гольф” жана “Ауди В4” үлгүсүндөгү авто унаалар сүзүшүп, аялдамада турган эки жаранды сүзүп алганын маалымдалган.

Бул факты Жети-Өгүз РИИБдин МЭЖге катталып, алгачкы тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

«21-мартка караган түнү саат болжол менен 01:30 чамасында Кичи-Жаргылчак айылынын күн чыгыш тарабындагы аялдаманын жанынан тактап айтканда Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол авто жолунун 152 чакырымында Кичи-Жаргылчак айылынын 1991-жылы туулган З.А. жана келинчеги 1993 жылы туулган И.Э. болуп Каракол шаарына кетүүгө жол тосуп турган учурда Оргочор айылынын тургуну 2001-жылы туулган А.Ы. өзүнө тиешелүү “Ауди-В4” үлгүсүндөгү автоунаасын күн батыштан күн чыгышка карай башкарып келе жатып, аялдамада жол тозуп тургандарды көрүп, алардан алып кетүү үчүн токтоп жүргүнчүлөрдү автоунаага салып жаткан учурда Чоң-Жаргылчак айылынын 1999 жылы туулган К.К. башкаруусунда “Гольф-4” үлгүсүндөгү автоунаасы менен күн батыштан күн чыгышка карай башкарып келе жатып, аялдамада токтоп турган “Ауди-В4” үлгүсүндөгү автоунаасын бет маӊдай сүзгөн. Натыйжада “Ауди-В4” авто унаасынын айдоочусу А.Ы. окуя болгон жерден каза болгон жана автоунаага отуруп жаткан И.Э. да алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болуп калгандыгы аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангадай, окуя болгон жерден ар кандай жаракат алган “Гольф-4” үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусу К.К., З.А. жана “Ауди-В4” үлгүсүндөгү автоунаасынын жүргүнчүсү Оргочор айылынын тургуну 1999-жылы туулган А.Б. тез жардам автоунаасы менен райондук ооруканасына алынып келип, хирургия бөлүмүнө жаткырылды.

Аталган факты менен кылмыш иши козголгон, тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 3518