Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу казак президентинин расмий сайтында жазылат
“Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулоо учурунда мамлекет башчылары аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө макулдашууга жетишти. Казакстан жана Өзбекстан кыргыз элине экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтөт”, — деп айтылат маалыматта.