• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Эки маршрутка катышкан жол кырсыктан жабыркаган 18 адамдын абалы айтылды

27 Үчтүн айы 2022 10:06 Бишкек Govori.TV

Бишкекте эки маршрутка катышкан жол кырсыктан жабыркап, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн бейтаптар палатага которулду, абалдары канаттандырарлык. Бул тууралуу Govori.TVга Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна тез жардамы кызматы менен 17 жабырлануучу, ал эми Улуттук госпиталга 1 жабырлануучу жеткирилген. Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө 2 адам жаткырылды. Аталган борбордун хирургия жана нейротравматология бөлүмүнө ар кандай деңгээлдеги жаракаттар менен 4 жаран жаткырылды.

«Ал эми 1 жабырлануучу Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө жаткырылды, абалы канааттандырарлык. 11 бейтап биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү»,-деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, 26-январь күнү Элебесов жана Арал көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаа катышкан жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 18 киши жабыркады. Жеринде Бишкек шаарынын тез жардам кызматынын 6 бригадасы иш алып барган.

Количество просмотров: 485