• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эки театрдын жетекчилери орун алмашты

6 Жалган куран 2020 10:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда орун алмашуу жолу менен эки театрдын директорлору жаңыланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Нарын облустук академиялык театрдын директору Темирлан Сманбеков жана Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору Жолдошбек Аманкулов кызмат орду менен алмашкан.

«Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругуна ылайык, Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык драма театрынын директору Темирлан Сманбеков Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директорлугуна, ал эми Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору Жолдошбек Аманкулов Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык драма театрынын директорлугуна которуу жолу менен дайындалды», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 206