А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын аты өзгөртүлдү.
Маалыматка караганда, Эми мекеменин толук аталышы «А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры» мамлекеттик мекемеси болот.
Премьер-министр У.Марипов кол койгон өкмөттүн 2021-жылдын 22-февралындагы токтомуна ылайык, эми «В.И.Ленин ордендүү» деп кошулуп, мамлекеттик башкаруу формасы «мамлекеттик мекеме» деп көрсөтүлөт.